Өзбекстанга баш калкалаган ооган аскерлери үчүнчү өлкөгө жөнөтүлдү

Өткөн айда 585 ооган аскери Өзбекстанга мыйзамсыз өткөн болчу.

1706389
Өзбекстанга баш калкалаган ооган аскерлери үчүнчү өлкөгө жөнөтүлдү

Өзбекстан, талибдер Ооганстанда бийликти басып алгандан кийин өзбек жерлерине баш калкалаган ооган аскерлери менен жарандарынын өлкөдөн чыгып кетишкенин кабарлады.

Өзбекстандын Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө, өткөн айда талибдерден качып мыйзамсыз жолдор менен Өзбекстанга өткөн арасында аскерлер да болгон бардык афган жарандарынын акыркы эки күндө өлкөдөн чыгып үчүнчү өлкөгө кеткендери белгиленди.

Өткөн айда талибдер Ооганстанда бийликти колго алгандан кийин арасында көп сандаган ооган жараны жана аскер учкучтары да болгон 585 ооган аскери Өзбекстанга мыйзамсыз өткөн болчу.



Тектеш кабарлар