Президент Садыр Жапаров Түркиянын вице-президенти Фуат Октайды кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров, 10-сентябрда, Түркия Республикасынын вице-президенти Фуат Октайды кабыл алды.

1705593
Президент Садыр Жапаров Түркиянын вице-президенти Фуат Октайды кабыл алды
SADIR CAPAROV-FUAT OKTAY 2.jpg

Кыргыз-Түрк Биргелешкен экономикалык комиссиянын 10-жыйынына катышуу үчүн Кыргызстанга барган вице-президент Фуат Октай Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров менен жолугушту.

Борбор калаадагы жолугушууларын аяктаган Октай жана аны коштогон делегация, Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов менен өлкөнүн түндүгүндөгү Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарына барышты.

Түрк делегациясын Ысык-Көл эл аралык аэропортунан Кыргызстандын инвестициялар министри Алмамбет Шыкмаматов жана Ысык-Көл облусунун губернатору Мирбек Кожоев тосуп алышты.

Президент Жапаров Октайды жана аны коштогон делегацияны Мамлекеттик конок үйүндө кабыл алды.

Эки өлкөнүн ортосунда дипломатиялык мамилелер түзүлгөндөн кийин карым-катнаштардын жакшы жүрүп жатканын белгилеген Жапаров: «Түркия Республикасы Кыргызстандын Эгемендүүлүгүн биринчи болуп тааныган»,-деди.

Түрк боордошторун кабыл алууга дайыма даяр экенин белгилеген Жапаров: «Биз үчүн Түркия стратегиялык өнөктөш эле эмес, боордош жана дос өлкө»-деп айтты.

Президент Жапаров Кыргызстандын кыйын учурунда Түркиянын колдоосун жакындан сезишкенин кошумчалады.

Вице-президент Октай да Кыргызстандын бардык тармакта күчтүү болушу үчүн Түркия катары ар дайым колдоосун көрсөтө тургандыктарын баса белгиледи.



Тектеш кабарлар