Казакстанда темир дооруна таандык чыгармалар табылды

Актөбө губернаторлугунун билдирүүсүнө караганда, археологиялык казуулар бир ай мурда облустун Мугалжар аймагындагы темир доорундагы көрүстөндө  башталган.

1686229
Казакстанда темир дооруна таандык чыгармалар табылды

Казакстандын Актөбө аймагындагы темир дооруна таандык көрүстөндө биздин заманга чейинки 6 – 5 -  кылымдардагы курмандык чалынуучу жай жана алтын жалатылган кылыч табылган.

Актөбө губернаторлугунун билдирүүсүнө караганда, археологиялык казуулар бир ай мурда облустун Мугалжар аймагындагы темир доорундагы көрүстөндө  башталган.

Өлкөнүн маанилүү археологдорунун катышуусу менен жүргүзүлгөн казуу иштеринде,  темир доорунун башында көчмөн эл болгон сарматтар биздин заманга чейинки 6-5 - кылымдын ортосунда колдонгон алтын жалатылган кылыч табылды.  Мындан тышкары, коло күзгүлөр, алтын тоголор жана башка байыркы буюмдар да табылган.  

Губернатор Ондасын Уразалин,  аймак тарыхый жана маданий   жактан маанилүү болгон бул археологиялык казуу иштеринин улантыларын жана керектүү колдоону беришерин айтты.



Тектеш кабарлар