Кыргызстандын мурунку президенти Аскар Акаев өлкөгө келди

Кыргызстандын мурунку президенти Аскар Акаев 16 жылдан кийин баш калкалаган Россиядан Кыргызстанга алып келинди.

1684270
Кыргызстандын мурунку президенти Аскар Акаев өлкөгө келди
akaev.jpg

Кыргызстандын мурунку президенти Аскар Акаев 16 жылдан кийин баш калкалаган Россиядан Кыргызстанга алып келинди.

Жергиликтүү маалымат каражаттарынын коопсуздук булактарына негизделип берилген кабарына караганда Акаевдин Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы УКМКнын иш алып баруусунун натыйжасында Бишкекке алып келингендиги белгиленди.

Акаевдин Бишкектеги Манас  эл аралык аэропортунан алынып УКМК имаратына алып барылгандыгы жана «Кумтөр» долбоору тууралуу териштирүүнүн негизинде кылмыш ишинин козголгондугу билдирилди.  

Президент Садыр Жапаровдун бийлиги Акаевдин бийлиги мезгилинде 1993 -  жылы канадалык Centerra Gold фирмасы курган «Кумтор» алтын кенине экологияга чоң зыян келтирген деген негиз менен ишенимдүү адамды дайындаган.

Коопсуздук күчтөрү Кумтор долбооруна карата жүргүзүлгөн тергөөнүн негизинде Акаев тууралуу камоо чечимин чыгарган.

Кыргызстандын көз карандысыздыгынан кийин 15 жыл президенттик кызматты аткарган Акаев 2005 -  жыл 4 -  марттагы элдик көрөрүлүштө үй  - бүлөсү менен өлкөдөн чыгып Россияга баш калкалаган.



Тектеш кабарлар