Армения Азербайжан позицияларына ок атты

Азербайжан аскерлеринин арасында эч кандай жоготуунун болбогондугу, Армения тарабына ок атуу менен жооп кайтарылгандыгы маалымдалды.

1683920
Армения Азербайжан позицияларына ок атты

Армян армиясынын бөлүктөрү Нахчыван Автономиялуу Республикасындагы Азербайжан позицияларын аткылашты.

Азербайжандын коргоо министрлиги берген маалыматта, жергиликтүү убакыт боюнча саат 03.27 чамасында Армениянын Веди провинциясынын Араздейен айылына жакын позициялардан  Нахчывандын Седерек провинциясынын Хайдарабад конушундагы Азербайжан позициясына карай ок атылгандыгы билдирилди.

Азербайжан аскерлеринин арасында эч кандай жоготуунун болбогондугу, Армения тарабына ок атуу менен жооп кайтарылгандыгы маалымдалды.

Армения армиясы кечээ да ушул эле багытта ок атышпоо эрежесин бузган.



Тектеш кабарлар