Өзбекстан латын алфавитине өтүүдө
2023 - жылдан тарта бардык мекемелерде жана расмий кат алышууларда бир гана латын алфавити колдонулат.

Кирилл алфавити колднулган Өзбекстанда 2023 - жылдан тарта бардык мекемелерде жана расмий кат алышууларда бир гана латын алфавити колдонулат.
Өзбек өкмөтү 2021 - жылдын 10 - февралында акырындык менен толук латын алфавитине өтүү боюнча жол картасын бекитти. 1- августтан тарта өлкөдө латын алфавитин гана колдонуу үчүн аракетке өтүлөт.
Жумушчу документтери менен формаларда эми бир гана латын тамгаларынан турган өзбек алфавити колдонулат.
2023 - жыл январь айынан тарта бардык мекемелер менен расмий кат алышууларда бир гана латын алфавити менен колдонулат.
Өзгөчө өлкөдөгү бардык басма сөз органдары, электрондук медиа, кабар сайттары, басмаканалар да латын алфавитине өтөт.
Алфавитке киргизилген өзгөртүүлөр менен түрк тилдүү өлкөлөр менен дагы да жакындоонун болору күтүлүүдө.
Өзбекстанда мамлекеттик мекемелерде азыр да кирилл алвафити колдонулууда. Мектептерде болсо китептер латын алфавитине которулуп, билим берүү да бул алфавит менен бериле баштады.