Өзбекстанда президенттик шайлоо 24 - октябрда өткөрүлөт

Шайлоо үгүтү да бүгүндөн тарта башталат.

1679092
Өзбекстанда президенттик шайлоо 24 -  октябрда өткөрүлөт

Бул жылы Өзбекстанда президенттик шайлоо  24 -  октябрда өткөрүлөт. Шайлоо үгүтү да бүгүндөн тарта башталат.

Өзбекстан Борбордук Шайлоо Комиссиясынын төрагасы Сайниддин Низамхожаев өткөргөн пресс  - жыйынында комиссиянын өлкөдөгү президенттик шайлоонун 24 -  октябрда өткөрүүгө чечим чыгаргандыгын белгиледи.

Низамхожаев  шайлоо үгүтүнүн  бүгүндөн тарта башталгандыгын билдирди.

Өзбекстан парламентинин жогорку палатасы болгон Сенаттын Башкы Ассамблеясы февраль айында президенттик шайлоону декабрдан октябрга жылдырууну пландаштырган мыйзамга киргизилген өзгөртүүнү жактырды.

Жаңы регламентке ылайык, буга чейин 20-декабрдан кийинки биринчи жекшембиде болот деп болжолдонгон президенттик шайлоонун  20-октябрдан кийинки биринчи жекшембиде болору белгиленген.

Президент 5 жылга шайланган өлкөдө акыркы президенттик шайлоо 2016 -  жылы декабрь айында болгон. Бул шайлоодо 3 атаандашын артта калтырып, добуштардын 88, 61 пайызын алган Шавкат Мирзиеев утуп чыккан.



Тектеш кабарлар