Армения ок атып Азербайжан армиясынан бир аскер шейит болду

Азербайжан Армения армиясынын ок атуусу менен бир аскердин шейит болгондугун билдирди.

1679246
Армения ок атып Азербайжан армиясынан бир аскер шейит болду

Азербайжан Армения армиясынын ок атуусу менен бир аскердин шейит болгондугун билдирди.

Азербайжан коргоо министрлигинен берилген маалыматка ылайык, жергиликтүү убакыт боюнча саат 16:00 чамаларында эки өлкөнүн чек арасында Армения армиясынын Басаргечер облусундагы позицияларынан Азербайжан армиясынын Келбежер облусундагы позицияларына ок атылды.

Армения позицияларынан снайпер куралы менен ок атылып Азербайжан армиясынан бир аскер шейит болду. Кол салууга Азербайжан армиясы жооп кайтарды.

Армениянын мындай чагымчыл аракеттер менен эки өлкөнүн чек арасындагы абалды чыңалтууну максат кылгандыгы баса белгиленген маалыматта чагымчылдыктын бардык жоопкерчилиги Арменияга таандык экендиги билдирилди.



Тектеш кабарлар