Октай Санер менен жолугушту

Фуат Октай мурунку күнү барган ТКТРда премьер-министр Эрсан Санердин кызмат орунуна барып жолукту.

1671955
Октай Санер менен жолугушту

Вице-президент Фуат Октай: «Мүмкүн болушунча күчтүү, бутуна турган жана өндүргөн Түндүк Кипр Түрк Республикасын (ТКТР) курууга аракет кылып жатабыз»,-деди.

Фуат Октай мурунку күнү барган ТКТРда премьер-министр Эрсан Санердин кызмат орунуна барып жолукту.

Бул сапарды президент Режеп Таййип Эрдогандын 20-июль Тынчтык жана Эркиндик күнүнө карата Түндүк Кипр Түрк Республикасына сапары алдында даярдык көрүү үчүн жана ишке ашырылып жаткан долбоорлорду жеринде көрүү үчүн жасашканын белгилеген Октай, жасалып жаткан иштер боюнча акыркы кырдаалды жана таштала турган кадамдарга баа бере тургандарын билдирди.

Октай президент Эрдогандын саламын жана чын жүрөктөн чыккан каалоолорун Түндүк Кипр Түрк Республикасынын башкаруучуларына жана коомчулукка жеткирди.

Октай: «20-июль - бул маанилүү күн; бул биздин Түндүк Кипрдеги боордошторубуздун, Кипрдик түрктөрдүн боштондукка чыккан күнү. (Кипрдеги Рум куралдуу уюму) EOKA менталитети бул жерде такыр башкача Энозис (Аралдын Греция менен байланыштырылышы) кыялдануусу менен 500 жылдык тарыхты жана аралдын түпкү ээси болгон Кипрдик түрктөрдү азчылык кылып, алардын бардык укуктарын тартып алууга аракет кылган баскынчы рум-грек дуэтинин оюну аяктаган күн. Эми баскынчылар бурмалоо аракеттери менен алектенишүүдө жана фактыларды башкача көрсөтүшсө дагы алар эч качан ийгиликке жете алышпайт. Кипр төрктөрү аралдын негизги элементи,ээси болуп саналат. Ошондуктан тең укуктуу эгемендүү эки мамлекетке негизделген ишеничибиз, ой-пикирибиз жана бул маселе боюнча Түндүк Кипр Түрк Республикасы менен болгон макулдашуубуз дүйнөгө ушул жерден жиберген эң ачык билдирүү болуп саналат»,-деп айтты.

Премьер-министр Эрсан Санер болсо: «Түндүк Кипр Түрк Республикасы катары биз Түркия менен биргеликте иш алып барганда, бул аймакта биз жасай албаган эч нерсе жок деп эсептейбиз. Түрк улутунун, айрыкча Көгүлтүр Мекендин укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо Түндүк Кипр Түрк өкмөтүнүн эң маанилүү милдеттеринин бири болуп саналат. Ата мекен Түркия менен биргеликте иш алып баруу биздин күчүбүзгө күч кошот»,-деди.



Тектеш кабарлар