Фуат Октай Өзбекстан-Түркия Бизнес форумунда сөз сүйлөдү

Октай, Биргелешкен экономикалык комиссиянын 6-жыйынынын алкагында барган Өзбекстанда Тышкы экономикалык байланыштар кеңеши (DEIK) тарабынан уюштурулган Өзбекстан-Түркия Бизнес форумунда сөз сүйлөдү.

1666112
Фуат Октай Өзбекстан-Түркия Бизнес форумунда сөз сүйлөдү

Вице-президент Фуат Октай жаңы түрдөгү коронавирустан (Ковид-19) келип чыккан эпидемиялык кризиске карабастан, Түркиянын Өзбекстан менен соода көлөмүнүн 2021-жылдын беш айында өткөн жылга салыштырмалуу 93 пайызга өсүп, 1,5 миллиард доллар деңгээлине жеткенин айтты.

Октай, Биргелешкен экономикалык комиссиянын 6-жыйынынын алкагында барган Өзбекстанда Тышкы экономикалык байланыштар кеңеши (DEIK) тарабынан уюштурулган Өзбекстан-Түркия Бизнес форумунда сүйлөгөн сөзүндө, эки мамлекеттин тыгыз бир туугандык байланыштарына, жалпы тил, дин жана маданий баалуулуктарга ээ экендигин билдирди.

Өзбекстандын Борбордук Азиядагы бардык мамлекеттер менен коңшулаш, саясий географиясы жана тарыхый байланыштары менен стратегиялык жерде жайгашкандыгын белгилеген Октай, бул абалы менен Өзбекстандын өнүгүшү өзбек эли үчүн гана эмес, аймактын гүлдөп-өнүгүшү үчүн да маанилүү экендигин белгиледи.

Октай курулуш, энергетика жана тоо-кен тармагы сыяктуу стратегиялык секторлордо Өзбекстанга Анадолу тажрыйбасын алып келген квалификациялуу компаниялардын кыска мөөнөттүн ичинде чоң ийгиликтерге жетишкендигин айтып, бул болсо кызматташтык каалоосун сактаганда гана көптөгөн ийгиликтерге жетише тургандарынын белгиси экендигин белгиледи.

Октай түрк капиталы бар компаниялардын Өзбекстанга салган жалпы инвестициясы 1 миллиард долларга жакындап калгандыгын жана Түркия Өзбекстандын алдыңкы беш соода өнөктөштөрүнүн катарындагы ордун туруктуу сактап келгенин айтты.



Тектеш кабарлар