Казакстанда эмдөө өнөктүгүнө катышкан бир кишиге үй белекке берилет

Лотереяга 25-июндан 31-июнга чейин вакцинанын биринчи дозасын алган 18 жашка толгон жарандар катыша алары маалымдалды.

1664755
Казакстанда эмдөө өнөктүгүнө катышкан бир кишиге үй белекке берилет

Казакстандын борбор калаасы Нур Султанда коронавируска (Ковид-19) каршы эмдөө өнөктүгүнө катышкан бир кишиге чүчү кулактын жыйынтыгы боюнча үй белекке берилет.

Нур Султандын губернатору Алтай Кульгинов жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Казакстанда коронавирустун жайылуу ылдамдыгы боюнча борбор шаар гана кызыл зонада экендигин айтты.

Вируска каршы жалпы иммунитетти камсыз кылуу үчүн калктын 60 пайызын эмдөө керек экендигин белгилеген Кульгинов, эмдөөнүн комплекстүү өнөктүгүн жүргүзө тургандарын билдирди.

Борбор калаадагы эмдөө өнөктүгүнүн алкагында өткөрүлө турган лотерея менен бир кишиге 2 бөлмөлүү батир белек кылаарын айткан Кульгинов, лотереяга 25-июндан 31-июнга чейин вакцинанын биринчи дозасын алган 18 жашка толгон жарандар катыша аларын маалымдады.

Алтай Кульгинов үй ээсинин ысымын сентябрдын башында чүчү кулактын жыйынтыгы боюнча жарыялай тургандыктарын билдирди.

Нур Султандагы соода борборлорунда түзүлгөн эмдөө пункттарында да, вакцинацияланган жарандарга дүкөндөр жана ашканалар үчүн ар кандай арзандатылган талондор берилет.

Казакстандын Саламаттык сактоо министрлиги Ковид-19дун "Дельта" варианты биринчи жолу өлкөнүн борбор шаары Нур Султанда байкалганын кабарлады.

Вице-премьер-министр Ерали Тугканов дагы белгилегендей, өлкөдө вакцинанын дозасы жетиштүү бирок жарандардын вакцинага болгон кызыгуусу төмөн.



Тектеш кабарлар