Армения Азербайжан позицияларын аткылады

Азербайжан аскерлеринин каза болбогону жана жаракат албаганы, окуя болгон аймакта абалдын туруктуу экендиги билдирилди.

1664340
Армения Азербайжан позицияларын аткылады

Азербайжандын коргоо министрлиги армян аскерлеринин эки өлкөнүн чек арасындагы Товуз багытындагы Азербайжан  позицияларына ок аткандыгын жарыялады.

Министрликтин билдирүүсүндө, кечээ Армения аскерлеринин Берд провинциясынын Айгедзор аймагынан жергиликтүү убакыт боюнча саат 14.30дан баштап Товуз облусунун Мунчуклу айылы тараптагы Азербайжан позицияларын аткылаганы маалымдалды.

Билдирүүдө Азербайжан аскерлеринин каза болбогону жана жаракат албаганы, окуя болгон аймакта абалдын туруктуу экендиги белгиленди.



Тектеш кабарлар