Жапаровдун Түркияга расмий иш сапары бүгүн башталат

Бул тууралуу Түркия Президенттигинин Коммуникация башкармалыгынын билдирүүсү жарыяланды.

1654294
Жапаровдун Түркияга расмий иш сапары бүгүн башталат
Sadır Caparov-Türk Konseyi 1 .jpg

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Президент Режеп Тайип Эрдогандын чакыруусу боюнча 9-11-июнь күндөрү Түркияга расмий иш сапары менен келет.

Президенттиктин Коммуникация башкармалыгынын билдирүүсүнө ылайык, эки өлкөнүн ортосундагы Стратегиялык Кызматташтык боюнча Жогорку Кеңешинин 5-жыйыны бүгүн борбор шаар Анкарада Эрдоган менен Жапаровдун жетекчилигинде өткөрүлөт.

Тиешелүү министрлердин катышуусунда өтө турган Кеңеш жыйынында эки тараптуу мамилелер ар тараптуу талкууланат жана Кыргызстан менен стратегиялык өнөктөштүк мамилелерди тереңдетүү үчүн жасала турган кадамдарга баа берилет.

Жолугушууларда эки тараптуу мамилелер, ошондой эле аймактык жана эл аралык маселелер боюнча пикир алмашуу каралган.



Тектеш кабарлар