Президент Садыр Жапаров Түркияга расмий иш сапарын жасайт

Кыргызстандын Президенттигинин тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Дастан Дүйшекеев, президент Садыр Жапаровдун расмий сапарынын алкагында президент Режеп Таййип Эрдоган менен жолугушарын билдирди.

1653467
Президент Садыр Жапаров Түркияга расмий иш сапарын жасайт
Sadır Caparov-Türk Konseyi 1 .jpg

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 9-11-июнь күндөрүнүн аралыгында Түркияга расмий иш сапары менен барат. 

Кыргызстандын Президенттигинин тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Дастан Дүйшекеев, президент Садыр Жапаровдун расмий сапарынын алкагында президент Режеп Таййип Эрдоган менен жолугушарын билдирди.

Дүйшекеев, эки мамлекеттин башчылары учурдагы көйгөйлөр, ошондой эле Түрк тилдүү өлкөлөрдүн кызматташтык кеңешинин (Түрк Кеңеши) алкагындагы эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуу боюнча пикир алмашарын билдирди.

Сапардын алкагында эки өлкөнүн президенттеринин катышуусунда Кыргызстан менен Түркиянын Стратегиялык Кызматташтык Жогорку Кеңешинин 5-жыйыны өтөрүн белгилеген Дүйшекеев, Жапаровдун Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын (ТУУЖ) төрагасы Мустафа Шентоп менен да жолугушарын айтты.

Дүйшекеев, Жапаровдун Кыргызстан-Түркия Ишкердик форумунда ишкерлерге кайрыла турганын жана Кыргызстандын жарандары, студенттери жана борбор шаар Анкарада иштеп жаткан өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушарын маалымдады.



Тектеш кабарлар