Татар: «Менин оюмча, Кипрде мындан ары федералдык негизде келишим болушу мүмкүн эмес»

Татар, кечээ Кипрдин Рум тарабында өткөрүлгөн жана ашкере оңчул, расист, Түркия, Түндүк Кипр Түрк республикасына жана чет өлкөлүктөргө каршы туруму менен белгилүү ЭЛАМдын добуштарын эки эсеге көбөйткөн парламенттик шайлоого карата баа берди.

1648862
Татар: «Менин оюмча, Кипрде мындан ары федералдык негизде келишим болушу мүмкүн эмес»

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын (ТКТР) президенти Эрсин Татар, Кипрдин Рум тарабында расисттик партия Улуттук Элдик фронт добуштарын көбөйткөн шайлоого байланыштуу, «Менин оюмча, Кипрде мындан ары федералдык негизде келишим болушу мүмкүн эмес деген сөзүбүз ушул шайлоонун жыйынтыгы менен тастыкталды»,-деди.

Татар, кечээ Кипрдин Рум тарабында өткөрүлгөн жана ашкере оңчул, расист, Түркия, Түндүк Кипр Түрк республикасына жана чет өлкөлүктөргө каршы туруму менен белгилүү ЭЛАМдын добуштарын эки эсеге көбөйткөн парламенттик шайлоого карата баа берди.

Рум тарабында улутчулдук жана экстремисттик ойлор көбөйгөнүн белгилеген Татар, бул абал Кипрдеги адилеттүү, туруктуу жана улантылуучу келишим үчүн оң жылыш эмес экендигин белгиледи.

Татар ЭЛАМдын добуштарында олуттуу өсүш болгонун айтып, «ЭЛAM жана анын жактоочулары Кипрдин толугу менен унитардык мамлекет болуу идеясын колдошот. Кипрдик түрктөрдү өзүлөрүнүн азчылык укуктарына дагы татыктуу деп эсептебеген менталитет өсүп жаткандыгын көрүүдөбүз. Эң коркунучтуусу, добуштардын ЭЛАМга жаштардан тийиши. Мунун себеби билим берүү тутумундагы ашкере улутчулдук, Грецияга суктануу, Кипрдин грек аралы болуу идеясы жана EOKA суктануусу билим берүү тутумунда орун алгандыгы»,- деди.



Тектеш кабарлар