Караисмаилоглу Карабахта...

Азербайжан армян баскынчылыгынан бошоткон аймактарда ишти ылдамдатты. Инфраструктуралык жумуштар менен аймактагы темир жана автомобиль жолдору реконструкцияланып жатат.

1649085
Караисмаилоглу Карабахта...

Армян баскынчылыгынан бошотулган Карабахка барган транспорт жана инфраструктура министри Адил Карайсмайлоглу, аймактын калыбына келтирилишинде Түркиянын да Азербайжандын жанында экендигин айтты.

Азербайжан армян баскынчылыгынан бошоткон аймактарда ишти ылдамдатты. Инфраструктуралык жумуштар менен аймактагы темир жана автомобиль жолдору реконструкцияланып жатат.

Бул процессте Азербайжандын эң чоң колдоочусу-Түркия ...

Транспорт жана инфраструктура министри Караисмаилоглу Карабахтагы иштерди көрүп, бийликтен маалымат алды.

Караисмаилоглу: «Түркия, боордош жана дос өлкө болгон Азербайжанга Тоолуу Карабахтын курулушунда, инженердик жана технологиялык жактан дагы, бардык күчү менен артында турат»,-деди.

Министр Караисмаилоглу андан кийин Азербайжандын Транспорт, коммуникация жана жогорку технологиялар министри Решат Набиев менен бирге Шуша автожолунун курулушуна барды.

Түркиянын аймактын өнүгүүсүндө Азербайжандын ар дайым жанында экени жөнүндө билдирүү жасаган Караисмаилоглу: «Карабахты курууда канчалык көп күч-аракет жумшасак ал бизди кубандырат»,-деп айтты.

Набиев ошондой эле Түркиянын колдоосуна канааттангандыгын билдирди.



Тектеш кабарлар