Кыргызстан убактылуу чектөөлөрдүн негизинде Тажикстандын учагын кайра кайтарды

Эл аралык Манас аэропортунун басма сөз борбору Тажикстан жарандарынын Манас аэропортунда калды деген маалыматтардын чындыкты чагылдырбагандыгын билдирди.

1646003
Кыргызстан убактылуу чектөөлөрдүн негизинде Тажикстандын учагын кайра кайтарды

Кыргызстан Тажикстандан келген  жүргүнчү учагын бул өлкөнүн жарандарынын киришине, жашоосуна жана транзит  өтүүлөрүнө убактылуу чектөө киргизгендиктен кайра кайтарды.Эл аралык Манас аэропортунун басма сөз борбору Тажикстан жарандарынын Манас аэропортунда калды деген маалыматтардын чындыкты чагылдырбагандыгын билдирди.

Маалыматта Тажикстандан келген жүргүнчү учагынын бул өлкө жарандарынын кирүү, жашоо жана транзит өтүүлөрүнө киргизилген убактылуу чектөөлөрдүн улам кайра кайтарылгандыгы белгиленди.

Учакта жалпы 186 жүргүнчү болгон жана булардан тогузунун үчүнчү өлкө жараны экендиги жана бир гана бул 9 жүргүнчүнүн транзит учушу үчүн Бишкекте калышына уруксат берилгендиги маалымдалды.

Эскерте кетсек 28-30-апрель күндөрү Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы чек арачылардын ортосунда чыккан  жаңжалдан кийин, Кыргызстан кошуна мамлекеттин жарандарына кургактык жана аба чек араларынын жапкан.



Тектеш кабарлар