Садыр Жапаров "Головной" суу бөлүштүрүүчү жайдын модернизацияланарын белгиледи

Мамлекет башчысы суу бөлүштүрүүчү жайды жана объектти кайтарган Бужум аскердик полигонуна барды жана аскерлерге кайрылды.

1635560
Садыр Жапаров "Головной" суу бөлүштүрүүчү жайдын модернизацияланарын белгиледи

Президент Садыр Жапаров өткөн жумада Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда кагылышууга себеп болгон «Головной» суу бөлүштүрүүчү  жайдын коопсуздугун  түзгөн аскердик бөлүк турган жердин абалын модернизациялоону тапшырды.

Мамлекет башчысы суу бөлүштүрүүчү жайды жана объектти кайтарган Бужум аскердик полигонуна барды жана аскерлерге кайрылды.

Жапаров мамлекеттин куралдуу күчтөрүнө карата бардык социалдык милдеттерди орундатарын жана болуп жаткан көйгөйлөрдүн чечилишине өзгөчө маани берилерин баса белгиледи. Андан кийин тийиштүү мамлекеттик органдарга суу бөлүштүрүүчү жайдын техникалык абалын модернизациялоону тапшырды.

Эске салсак Кырыгзстан  - Тажикстан чек арасында 27 -  апрелде башталган чыңалуу 28 -  апрелде кагылышууга айланган. Кыргызстан тарабынан 36 киши алардын үч аскер каза болгон жана 183 киши жараланган.

Тажикстан тарабында болсо 19 киши алардын ичинен 9 аскер каза болуп, 88 киши жараланган.

Эки коңшу өлкөнүн ортосундагы кагылышуу 1 -  майда диалог жолу менен токтогон.



Тектеш кабарлар