Түрк аба жолдору Өзбекстандагы дагы эки шаарга учат

Түрк аба жолдору учурда Ташкент жана Самаркандга учууларды уюштурууда.

1625224
Түрк аба жолдору Өзбекстандагы дагы эки шаарга учат

Өзбекстандын Транспорт министрлигине караштуу Жарандык авиация башкармалыгы, Түрк аба жолдоруна Стамбулдан Ургенч жана Ферганага учкан каттамдарына уруксат берди.

Министрликтин билдирүүсүндө, Түрк аба жолдору учурда Ташкент жана Самаркандга учууларды уюштуруп жаткандыгы эске салынды.

Өткөн айда Өзбекстанда сүйлөшүүлөрдү өткөргөн тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, өзбек тарап менен эки өлкөнүн ортосундагы аба каттамдарын көбөйтүүнү дагы талкуулашканын билдирген болчу.



Тектеш кабарлар