Дүйнөгө белгилүү жазуучу Айтматовдун жубайы Мария Айтматова Ковид-19дун айынан дүйнөдөн кайтты

Мария Айтматованын өлүм кабарын келини Сабира Айтматова социалдык тармактагы эсебинен жарыялаган.

1625399
Дүйнөгө белгилүү жазуучу Айтматовдун жубайы Мария Айтматова Ковид-19дун айынан дүйнөдөн кайтты
Mariya Ajtmatova 1.jpg
Mariya Ajtmatova 2.jpg
Mariya Ajtmatova 3.jpg
Mariya Ajtmatova 4.jpg

Түркияда «Селви бойлум ал йазмалым» (Кызыл жоолукчан жалжалым) аттуу киносу менен таанылган, дүйнөгө белгилүү кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 79 жаштагы жубайы Мария Айтматова дарыланып жаткан ооруканада жаңы түрдөгү коронавирустун (Ковид-19) себебинен кечээ көз жумду.

Айтматованын келини Сабира Айтматованын социалдык тармактагы эсебинде Бишкек шаарындагы Клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасында жандандыруу бөлүмүндө жаткан Мария Айтматованын каза болгонун жарыялап, «Менин апам боорукер жана акылдуу аял болгон. Биздин үй-бүлө үчүн орду толгус жоготуу»,деген сөздөрдү жазган.

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Чыңгыз Айтматовдун үй-бүлөсүнө, жакындарына жана туугандарына улуу жазуучунун жубайы Мария Айтматованын дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу көңүл айтты.

«Мария Айтматованын дүйнөдөн кайткандыгы жөнүндө суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Бул — анын үй-бүлөсү жана туугандары үчүн гана эмес, баарыбыз үчүн чоң жоготуу. Мария Айтматова биздин эсибизде камкор эне, үй-бүлө очогунун сактоочусу, ошондой эле Кыргызстанды бүткүл дүйнөгө даңазалаган улуу жазуучунун жашоосундагы сүйүктүү жары жана ишенимдүү жубайы катары түбөлүккө калат. Айтматовдордун үй-бүлөсүнө, жакындарына жана туугандарына дагы бир жолу терең кайгыруу менен көңүл айтам», — деп белгиледи Президент Садыр Жапаров.

Чыңгыз Айтматовдун жубайы Мария Айтматованын сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө бүгүн жерге берилди.

Маркум менен коштошуу зыйнаты жазуучунун үй-музейинде өтүп, ага президенттин аппаратынын гуманитардык өнүктүрүүгө мониторинг жүргүзүү жана жарандык коомдун институттары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы Кудайберген Базарбаев, маданият, маалымат, спорт жана жаштар министри Кайрат Иманалиев, бир катар маданият ишмерлери жана Мария Айтматованын жакындары, санаалаштары катышты.

Белгилей кетсек, Мария Айтматова кечээ, 20-апрелде 79 жашка караган курагында дүйнө салган.

Айтматова Мария Урматовна — 1942-жылы 13-июлда Чүй облусунда туулган.

Чыгармалары 157 тилге которулган Чыңгыз Айтматов, 2008-жылы май айында Россиянын телеканалынын даректүү тасма тартуусу үчүн барган Татарстандын борбору Казанда ооруп калып, дарылануу үчүн алып барылган Германияда 2008-жылы 10-июнда  көз жумган.



Тектеш кабарлар