Мухаммед Жевад Зариф "Казакстандын Бендер - Аббас портуна киришин колдойбуз"

Ирандын тышкы иштер министри Мухаммед Жевад Зариф Казакстандын тышкы иштер министри Мухтар Тилеуберди менен жолугушту.

1616601
Мухаммед Жевад Зариф  "Казакстандын Бендер  -  Аббас  портуна киришин колдойбуз"

 Ирандын тышкы иштер министри Мухаммед Жевад Зариф Казакстандын тышкы иштер министри Мухтар Тилеуберди менен жолугушуусунда Казакстандын Ирандын Перс булуңундагы Бендер Аббас портуна киришин  колдой тургандарын айтты.

Өзбекстан жана Кыргызстандан кийн расмий жолугушууларды өткөрүү үчүн Казакстанга барган Зариф борбор шаар Нур Султанда казак кесиптеши Мухтар Тилеуберди менен жолугушту. Жекеме  - жеке жана делегациялар аралык сүйлөшүүдө жолугушкан тараптар Казакстан менен Ирандын эки тараптуу жана аймактык кызматташуу тармактарындагы абалдарды талкуулашты.

Сапардын негизинде  эки өлкөнүн тышкы иштер министрликтеринин ортосунда кызматташуу программасына кол койгон Тилеуберди менен Зариф андан кийин бирдикте пресс  - жыйын өткөрүштү.

Казакстандын тышкы иштер министри Тилеуберди ирандык кесиптеши Зариф менен болгон жолугушуунун жемиштүү болгонун белгилеп, Нур Султан менен Тегерандын аймактык жана эл аралык маселелердеги өз ара мамилеси боюнча пикир алышкандарын айтты.

Тилеуберди Каспий деңизиндеги эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташууга өзгөчө маани берилерин белгилеп : « 2018-жылы Казакстандын Актау шаарында өткөн 5-Каспий саммитинин тарыхый мүнөзүнө баа бердик. Саммитте кабыл алынган Каспий деңизинин укуктук статусуна байланыштуу келишимдик беренелерди ишке ашыруу боюнча макулдаштык»,-деди.

Ирандын тышкы иштер министри Зариф Казакстан менен тарыхый, экономикалык жана маданий байланыштарга маани беришерин билдирип, эки өлкөнүн ортосундагы Каспий деңизин тынчтык максатында  пайдалануу керектигин баса белгилешкендерин билдирди.

Зариф Каспий деңизи өлкөлөрүнүн ортосундагы кызматташтыкты чыңдоонун маанилүү экендигин баса белгилеп : «Евразия Экономикалык Биримдигинин алкагында биздин өлкөлөрдүн кызматташтыгы абдан маанилүү. Биз Казакстандын Бендер-Аббас портуна киришин колдойбуз жана ал үчүн керектүү болгон шарттарды түзөбүз»,-  деди.



Тектеш кабарлар