Түркия Өзбекстандагы реформа процессине колдоо көрсөтүүнү улантат

Өзбекстандагы жолугушууларын улантып жаткан Чавушоглу тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов менен жолукту.

1598073
Түркия Өзбекстандагы реформа процессине колдоо көрсөтүүнү улантат

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, Түркиянын Өзбекстандагы реформа процессине колдоо көрсөтө берерин айтты.

Өзбекстандагы жолугушууларын улантып жаткан Чавушоглу тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов менен эки өлкөнүн Тышкы иштер министрликтеринин делегациялар аралык жолугушууларында кезикти.

Андан соң эки министр Биргелешкен стратегиялык пландаштыруу тобунун жыйынына катышып, биргелешкен малымат жыйын өткөрүштү.

Чавушоглу менен Камилов эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтык келишимдерине да кол коюшту.

Мевлүт Чавушоглу бул жерде сүйлөгөн сөзүндө, Түркия менен Өзбекстандын ортосундагы биринчи саммитте кабыл алынган чечимдердин жана кол коюлган келишимдердин аткарылышын карап чыккандарын белгилеп, экинчи саммитке даярдык көрө башташкандыгын билдирди.

Келечекте соода жүгүртүүнү көбөйтүү максатында артыкчылыктуу соода келишимине кол коюуну каалагандарын айткан Чавушоглу, транспорттук байланыштарды чыңдоо, коргонуу өнөр жайы, аскердик жана коопсуздук темалары, билим берүү менен маданий кызматташтык жана карым-катнаштын берки өңүттөрүн сүйлөшкөндөрүн белгилеп: «Урматтуу (Өзбекстан) президенти Шавкат Мирзиёевдин кызматташтыгындагы ​​реформалоо процессин колдой беребиз»,-деди.

Камилов менен аймактык жана эл аралык маселелерди да талкуулагандарын белгилеген Чавушоглу, эки өлкө ортосундагы байланыштардын быйыл дагы жогорулай тургандыгын жана карым-катнаштардын дагы да чыңдала тургандыгын белгиледи.

Камилов да сүйлөшүүлөрдүн эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү, аймактык жана эл аралык маселелер, БУУ, Ислам Кызматташтык Уюму жана Түрк Кеңешинин алкагындагы мамилелерди чыңдоо жаатында тараптардын мамилелерин дагы бир жолу далилденгендигин айтты.

Камилов, Жогорку деңгээлдеги кызматташтык кеңешинин экинчи жыйынын өткөрүү максатында Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдоганды быйыл Өзбекстанга чакырышканын баса белгиледи.

Ошондой эле дүйнөдөгү жогорку саясий, экономикалык жана маданий потенциалга эгедер Түркияны эл аралык аренадагы стратегиялык өнөктөш катары баалагандарын айтты.

Чавушоглу жолугушууларынын алкагында президент Шавкат Мирзиёев тарабынан кабыл алынып, андан соң вице-премьер-министр, инвестиция жана тышкы соода министри Сардор Умурзаков менен жолугушат.



Тектеш кабарлар