Чавушоглу Кыргызстанга расмий сапар менен барат
Сапардын алкагында эки мамлекеттин тышкы иштер министрлеринин сүйлɵшүүлɵрү жана Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы Биргелешкен стратегиялык пландаштыруу тобунун 4-жыйыны болуп ɵтɵт.
Эртең 10-мартта Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Кыргызстанга расмий сапар менен барат.
Сапардын алкагында эки мамлекеттин тышкы иштер министрлеринин сүйлɵшүүлɵрү жана Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы Биргелешкен стратегиялык пландаштыруу тобунун 4-жыйыны болуп ɵтɵт. Ошондой эле Түркиянын тышкы иштер министри Чавушоглунун Кыргызстандын жетекчилиги менен жолугушуулары пландаштырылган.
Алдыда боло турган жолугушуулардын жана сүйлɵшүүлɵрдүн жүрүшүндɵ саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана башка чөйрөлөрдөгү эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары ɵнүктүрүү жана бекемдɵɵ боюнча мурда жетишилген келишимдерди, кыргыз-түрк мамилелери үчүн актуалдуу маселелерди талкуулоо пландаштырылууда.
Түрк кеӊешинин алкагында түрк тилдүү мамлекеттердин ортосунда кызматташтыкты кеӊейтүү жана аталган эл аралык уюмдун күн тартибинин актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашуу болот.