Азербайжанда Тоолуу Карабах согушунда каза болгон аскер саны жаңыланды

Азербайжан армиясынын 2 881 аскери шейит болду.

1593924
Азербайжанда Тоолуу Карабах согушунда каза болгон аскер саны жаңыланды

Тоолуу Карабахтагы согушта Азербайжан армиясынын 2 881 аскери шейит болду.

Азербайжан коргоо министрлигинен берилген маалыматта 2020 -жылы 27 -сентябрда башталып 10 - ноябрда Армениянын жеңилүүнү кабыл алган келишимге кол коюшу менен акырына чыккан согуштаказа болгондор тууралуу маалыматтардын жаңылангандыгы билдирилди.

Мындан мурда2 855 экендиги билдирилген шейит саны кээ бир жаназалардын табылышы жана күбөлүктөрүнүн аныкталышы менен 2 881ге жетти.

Маалыматта 28 аскердин дайынсыз экендиги билдирилип, жерге берилген шейит аскерлердин ысымдарына да орун берилди.

2020 -жылы 27 -сентябрдаАзербайжан армиясы баштаган операцияда 5 шаар борбору, 4 поселок менен 286 айыл бошотулган. Ушул боюнча Армения жеңилүүнү кабыл алып, оккупациялаган Агдам, Лачын жана Келбежер облустарын да бошоторуна убада берген келишимге кол койгон.

Армения армиясы 2020 -жылы 20 -ноябрда Агдам, 25 -ноябрда Келбежерден жана 1 -декабрда да Лачындан чегинген.



Тектеш кабарлар