Түрк Кеңеши эртең чогулат

Түрк Кеңешинин энергетика министрлери эртең онлайн режиминде биринчи жолу чогулат.

1589031
Түрк Кеңеши эртең чогулат

Түрк тилдүү өлкөлөрдүн кызматташтык кеңешинин (Түрк Кеңеши) энергетика министрлери эртең энергетика тармагында кызматташуу үчүн  биринчи жолу чогулат. 

Кеңештин жазуу түрүндөгү билдирүүсүнө караганда, Түрк Кеңешине мүчө өлкөлөр экономика, соода, саламаттык сактоо, билим берүү жана туризм сыяктуу тармактарда өнүктүргөн кызматташтыкка энергетика маселесин да кошушат.

Ушул алкакта Түрк Кеңешинин энергетика министрлери эртең онлайн режиминде биринчи жолу чогулат.

Түрк Кеңешинин кезектешкен төрагасы Азербайжандын энергетика министри Первиз Шахбазов менен Түрк Кеңешинин баш катчысы Багдад Амреев ачылыш сөзүн сүйлөй турган жыйында Түрк Кеңеши өлкөлөрүнүн энергетика жаатында жасай турган биргелешкен кадамдарына баа берилет.

Жыйында энергетикалык кызматташтыкты өнүктүрүп диверсификациялоо жана аймактын ичиндеги энергетикалык байланыштарды жакшыртуу мүмкүнчүлүктөрү боюнча пикир алмашуу болот.

Ошондой эле Түркиянын энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Фатих Дөнмез, Казакстандын энергетика министри Нурлан Ногаев, Кыргызстандын энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев, Өзбекстандын энергетика министри Алишер Султанов жана Венгриянын Инновация жана технология министрлигинин энергетика саясаты боюнча министри Аттила Штайнер да жыйында сөз сүйлөйт.



Тектеш кабарлар