Түркия-Азербайжан-Түркмөнстандын тышкы иштер министрлеринин 5-жыйыны Түркияда өтөт

Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Түркмөнстандын Министрлер кеңешинин төрага орун басары жана тышкы иштер министри Рашид Мередовдун эртең Түркияга иш сапарын уюштура турганы белгиленди.

1588297
Түркия-Азербайжан-Түркмөнстандын тышкы иштер министрлеринин 5-жыйыны Түркияда өтөт

Түркия-Азербайжан-Түркмөнстан үч тараптуу тышкы иштер министрлеринин 5-жыйыны Түркияда өткөрүлөт.

Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Түркмөнстандын Министрлер кеңешинин төрага орун басары жана тышкы иштер министри Рашид Мередовдун эртең Түркияга иш сапарын уюштура турганы белгиленди.

Иш сапардын жүрүшүндө, Түркмөнстан менен Түркиянын ортосундагы эки тараптуу мамилелер жана регионалдык маселелер боюнча пикир алмашуу мерчемделгени белгиленген билдирүүдө, Мередовдун президент Режеп Таййип Эрдоган тарабынан кабыл алуусунун көздөлгөндүгү айтылган.

Билдирүүдө, Азербайжандын тышкы иштер министри Жейхун Байрамовдун дагы катышуусу менен Түркия-Азербайжан-Түркмөнстан үч тараптуу тышкы иштер министрлеринин 5-жыйналышы да өткөрүлө турганы,  тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун ошондой эле Байрамов менен эки тараптуу жолугушуу өткөрө турганы кабарланды.

Жолугушуулардын жүрүшүндө өлкөлөр ортосундагы мамилелердеги өнүгүү жана аймактык маселелер менен кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү үчүн жасала турган кадамдар эки тараптуу жана үч тараптуу форматта талкуулана турганы белгиленди.



Тектеш кабарлар