Тоолуу Карабахта миналардын айынан Азербайжандын жарандары каза болду

Оккупациядан бошотулган жерлердеги миналардын кесепетинен адамдар жабыркап жатат.

1580031
Тоолуу Карабахта миналардын айынан Азербайжандын жарандары каза болду

Тоолуу Карабахта 10-ноябрда согуш аяктагандан бери оккупация мезгилинде армян аскерлери койгон миналардын жарылуусунан азербайжандык 14 жаран каза болду.

Азербайжандын Башкы прокуратурасы Армения менен ок атууну токтотуу келишимине кол коюлган 2020-жылдын 10-ноябрынан бери оккупациядан бошотулган жерлердеги миналардын кесепетинен адамдардын өлүмүнө байланыштуу маалыматтарды жарыялады.

Билдирүүгө караганда, согуш бүткөндөн бери армян күчтөрү койгон миналардын себебинен 5и аскер, 9у карапайым тургундан турган жалпы 14 азербайжандык көз жумду. Ушул эле мезгилде минанын жарылуусунан 52 аскер жана 8 жаран жаракат алышты.

Башкы прокурордук, жарандарды оккупациядан бошотулган жерлерге толугу менен миналардан тазаланганга дейре кирбөөнү эскертти.



Тектеш кабарлар