Түркия - Казакстан коргоо өнөр жай кызматташтыгы

Түркия менен Казакстан коргонуу өнөр жай тармагындагы кызматташуусун бекемдөө тууралуу сүйлөштү.

1577672
Түркия  -  Казакстан коргоо өнөр жай кызматташтыгы

Түркия менен Казакстан коргонуу өнөр жай тармагындагы кызматташуусун бекемдөө тууралуу сүйлөштү.

Казакстан коргоо министрлигинен берилген маалыматка караганда улуттук коргоо министринин орун басары Мухсин Дере Казакстанга жасаган эки күндүк иш алып баруу сапарынын негизинде министр Нурлан Эрмекбаев менен жолугушту.

Жолугушууда эки өлкөнүн ортосундагы коргоо өнөр жайы жана аскердик даярдык тармагындагы кызматташтык талкууланды.

Түркия менен Казакстандын ортосундагы стратегиялык мамилелерди өнүктүрүүнү улантуу тууралуу  билдирүүдө, жолугушууда ири түрк коргонуу компаниялары менен кызматташуу темаларынын да күн тартибине  келгендиги маалымдалды.  

Дере жана коштоосундагы делегация Казакстан өнөр жай жана структуралык  өнүгүү боюнча министри Беибит Атамкулов менен да жолугушту. Казак тарабынан Ковид  - 19га каршы күрөшүүдө берген колдоосунан улам Түркияга ыраазычылык билдирилген жолугушууда эки өлкө биргеликте иштеп чыккан оптикалык жана радио электрондук тармактагы аскердик продукция өндүрүүдөгү ийгиликтерге да басым жасалды.

Улуттук Коргоо министринин орун басары Дере  Казакстандын Орто Азияда Түркия үчүн эң негизги өнөктөштөрдүн бири экендигин белгилеп : “Көпкө созулган жана түшүмдүү сүйлөшүү өткөрдүк.  Эки боордош өлкөнүн ортосунда аскердик жана техникалык тармактарда көптөгөн жаңы келишимдер пландаштырылууда",- деди.

Түрк делегациясы борбор шаардагы 4  коргонуу өнөр жай компаниясы менен Нурсултан Назарбаев улуттук коргоо университетинде изилдөө жүргүздү.



Тектеш кабарлар