Түркия Өзбекстанда эң көп фирма түзгөн өлкө болду

Өзбекстандын Мамлекеттик статистика комитетинин маалыматына ылайык, 2020-жылы Өзбекстанда 305 компания негиздеген Түркия, чет элдик капитал менен компания түзгөн өлкөлөр рейтингде биринчи орунду ээледи.

1562893
Түркия Өзбекстанда эң көп фирма түзгөн өлкө болду

Түркия 2020-жылы Өзбекстанда эң көп компания түзгөн өлкө болду.

Өзбекстандын Мамлекеттик статистика комитетинин маалыматына ылайык, 2020-жылы Өзбекстанда 305 компания негиздеген Түркия, чет элдик капитал менен компания түзгөн өлкөлөр рейтингде биринчи орунду ээледи.

Статистикалык маалыматтарга ылайык, өткөн жылы  1715 чет элдик компания иш алып барганы катталган Өзбекстанда, ишкердүүлүгүн эң жакшы жолго салган өлкөлөрдүн катарында Түркиядан кийин 265 компания менен Россия, 147 компания менен Кытай үчүнчү орунду ээледи.

Ушул мезгил аралыгында өлкөдө Казакстандын капиталы менен 110 компания жана Түштүк Кореянын капиталы менен 77 компания түзүлгөн.

Чет элдик капиталдык компаниялар көбүнчө өлкөнүн Ташкент, Самарканд жана Сурхандарыя региондорунда түптөлсө, чет өлкөлүк ишкерлер өнөр жай, соода, курулуш жана айыл чарба тармактарына эң көп инвестиция салышкан.

2021-жылдын 1-январына карата өлкөдөгү чет элдик капиталдык компаниялардын жалпы саны 11 миң 781ге жетти.

2019-жылы өлкөдө чет элдик капитал катышкан 3330 ишкана түзүлдү.



Тектеш кабарлар