Назарбаевге Православдык чиркөөсүнүн жогорку сыйлыгы ыйгарылды

Казакстандын туңгуч президенти Нурсултан Назарбаевке маанилүү сыйлык ыйгарылды.

1559372
Назарбаевге Православдык чиркөөсүнүн жогорку сыйлыгы ыйгарылды

Казакстандын туңгуч президенти Нурсултан Назарбаевге Казакстандын Православдык чиркөөсүнүн жогорку сыйлыгы ыйгарылды.

Казакстан Православдык чиркөөсүнүн башчысы Александр Могилев, Нурсултан Назарбаевге «Алгыс» медалын тапшырды.

Александр Могилев, Нурсултан Назарбаевдин Казакстандагы диндер ортосундагы гармонияны бекемдөөгө кошкон салымын баса белгилеп, ал өлкөнүн жыргалчылыгы үчүн көп иш жасагандыгын билдирди.

Православдык чиркөөнүн эң жогорку сыйлыгына татыктуу деп табылган Нурсултан Назарбаев, өлкөдө эгемендүүлүктүн биринчи күнүнөн баштап эле толеранттуулукту бекемдөөгө, бардык этностордун ортосундагы достукту жана ишенимди арттырууга багытталган саясатты жүргүзүшкөндүгүн айтты.

Назарбаев өлкөнүн туруктуулугу жана өнүгүүсүнүн биримдикке жана достукка негизделгенин кошумчалады.



Тектеш кабарлар