Эрсин Татар Анастасиадиске чакырык салды

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Президенти Эрсин Татар Анастасиадистин Кипр маселеси боюнча билдирүүсүнө жазуу түрүндө жооп берди.

1556428
Эрсин Татар Анастасиадиске чакырык салды

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын (ТКТР) Президенти Эрсин Татар, Түштүк Кипр Рум Башкаруучулугунун (GASC) лидери Никос Анастасиадисти «орундалбай турган кыялдарды көздөбөөгө» жана «диалог чакырыктарына оң жооп берүүгө» чакырды.

Эрсин Татар Анастасиадистин Кипр маселеси боюнча билдирүүсүнө жазуу түрүндө жооп берди.

Татар: «Анастасиадис 2021-жылы жасаган биринчи билдирүүсүндө «Мен Федерациядан башка чечимди талкуулабайм, мен Кранс Монтанада жактагандарыма көз карандымын» деп, эки мамлекеттүү чечүүчү жол формасын Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы катчысынын Кипр боюнча мурдагы атайын кеңешчи Эспен Барт Эйде негиздеген деп айтып жоопкерчиликти ага жүктөөгө аракет кылды»,-деди.

Анастасиадистин эки мамлекеттүү чечимдин реалдуу чечим экенине ишенгенин белгилеген Татар, Кипрдин Рум лидеринин Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу менен болгон сүйлөшүүсүндө өзү айтканын Чавушоглу түшүндүргөнүн эске салды.

Татар, бирок тилекке каршы Рум православдык чиркөөсү, АКЭЛ, ЭЛАМ жана башка элементтердин катуу кысымына кабылган Анастасиадистин эски саясатына кайтууга аргасыз болгонун маалымдады.

Татар, 2017-жылы Кранс Монтанадагы Кипр конференциясында федерацияга негизделген чечимдин формасы кыйрап, грек тарап адилеттүү келишимди каалабагандыгы дагы бир жолу ачыкка чыккандыгын баса белгиледи.

Президент Татар төмөнкүлөрдү белгиледи: «Ушул себептерден улам, биз күн тартибине Түркиянын колдоосу менен эгемендүү эки мамлекеттен турган формага негизделген чечимдерди алып келдик. Биздин жашообуздун абалы, элибиздин эгемендүүлүгү, эркиндиги жана коопсуз жашоосу үчүн биз эгемендүү  эки мамлекеттен турган чечим деп жатабыз. Ошентип биз ушул жолду уланта беребиз. Рум башкаруучлугунун лидери Анастасиадиске чакырык саламын, чындыкка коошпогон кыялдарды көздөбөсүн жана биздин диалогго чакыруубузга оң жооп берсин. Менин каалоом жана тилегим-биз 2021-жылы эгемендүү эки мамлекеттүү чечим формасына жетүүбүз».



Тектеш кабарлар