Казакстанда өлүм жазасы жоюлду

Казакстанда 20 жылдан ашуун убакыттан бери колдонулбаган өлүм жазасы жоюлду.

1556106
Казакстанда өлүм жазасы жоюлду

Казакстанда 20 жылдан ашуун убакыттан бери колдонулбаган өлүм жазасы жоюлду.

Президенттикке таандык интернет сайтында орун алган бир жарыяда Президент Касым Жомарт Токаевдин өлүм жазасынын жоюлушун камтыган документ болгон  Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пактка кошумча экинчи протоколго кол койгону белгиленди.

Өлкөдө өлүм жазасын алган кылмышкерлердин мындан кийинки өкүмү болсо  түбөлүк абак жазасына айландырылат. Мурунку советтер союзу өлкөсү, 18 миллион калкы болгон Казакстанда 2003 -  жылдан бери 17 жыл аралыгында өлүм менен бүткөн террордук кыймылдардын шектүүлөрү жана башка эч ким өлүм жазасына тартылган эмес.  

Ушуга караганда 2016 – жылы өлкөнүн эң чоң шаары Алматыдагы бир куралдуу кол салууда 8 полиция менен 2 жаранды өлтүргөн жана өлүм жазасын алган Руслан Кулекбаев аттуу канкор да өмүр боюу абак жазасын алгандыгы белгиленди.

Эл аралык Мунапыстык уюмунун маалыматы боюнча, 2019 - жылы дүйнө жүзү боюнча өлүм жазасына тартылган 26604 кылмышкер бар.

2019 - жылы 20 башка өлкөдө 657 адам өлүм жазасына тартылып, бул жазаны эң көп колдонгон өлкөлөр  Кытай, Иран, Сауд Арабиясы, Ирак жана Египет болду.



Тектеш кабарлар