Армян аскерлери койгон мина жарылып азербайжандык жаран каза болду

Забил Бабаев аттуу жарандын оккупациядан бошотулган Фузули аймагында минаны басып алгандыгы белгиленди.

1555894
Армян аскерлери койгон мина жарылып азербайжандык жаран каза болду

Армениянын аскерлери жайгаштырган минанын жарылуусунан бир Азербайжан жараны каза болду.

Азербайжандын Башкы прокуратурасынын билдирүүсүндө, Забил Бабаев аттуу жарандын оккупациядан бошотулган Физули аймагында минаны басып алгандыгы белгиленди.

Билдирүүдө, минанын жарылуусунан Бабаев оор жаракат алып ооруканага жеткирилгендиги жана бардык аракеттерге карабастан куткарыла албагандыгы кабарланды.

Окуя боюнча териштирүү башталгандыгы айтылган билдирүүдө жарандарга оккупациядан бошотулган жерлерге миналар толугу менен тазаланганга чейин кирбегиле деп эскертилди.

Буга чейин армян аскерлери койгон миналардын жарылуусунан Азербайжандын карапайым тургундары жана аскерлери курман болушкан.



Тектеш кабарлар