Түрк Кеңеши АКШнын санкцияларына каршылык көрсөттү

Түрк Кеңеши АКШнын санкция чечимине каршы Түркияны колдойт.

1546249
Түрк Кеңеши АКШнын санкцияларына каршылык көрсөттү

Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңеши (Түрк Кеңеши), Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) санкция чечимине каршы Түркияны колдой тургандыгын жарыялады.

Кеңештин Твиттердеги аккаунтунда, башкы катчынын орун басары Кысмет Гүзеловдун билдирүүсү камтылды.

Гүзелов өзүнүн билдирүүсүндө төмөнкүлөрдү белгиледи:

«АКШнын Түркияга карата бир тараптуу санкция киргизүү чечими адилетсиз. Биз Түркиянын тарабындабыз. Түркиянын диалог жана дипломатия жолу аркылуу бул маселени объективдүү, реалдуу жана саясий жактан калыс чечүү сунушун колдойбуз»,-деди.

АКШ, Россиядан S-400 системаларын сатып алгандыгына байланыштуу Түркияга айрым санкцияларды киргизүү чечимин кабыл алган болчу.



Тектеш кабарлар