Тоолуу Карабахта ок атышпоону бузган армян күчтөрүнө каршы антитеррордук операция уюштурулду

Армян күчтөрүнүн Тоолуу Карабахта токой аймактарында жашынып акыркы жумада жасаган кол салууларында Азербайжандын 4 аскери шейит болгондугу маалымдалды.

1544546
Тоолуу Карабахта ок атышпоону бузган армян күчтөрүнө каршы антитеррордук операция уюштурулду

Армян күчтөрү Тоолуу Карабахта ок атышпоо режимин бузушту.

Армян күчтөрүнүн Тоолуу Карабахта токой аймактарында жашынып акыркы жумада жасаган кол салууларында Азербайжандын 4 аскери шейит болгондугу маалымдалды.

Азербайжандын Коргоо министрлиги менен Мамлекеттик коопсуздук кызматы Тоолуу Карабахтын Хадрут шаарына жакын жердеги ок атууну токтотуу эрежелеринин бузулушуна байланыштуу биргелешкен билдирүү таратты.

Билдирүүдө Азербайжан, Россия жана Армения тарабынан 10-ноябрда кол коюлган ок атышпоо декларациясынан кийин, айрым армян куралдуу күчтөрүнүн Ходжавенд провинциясындагы Хадрут шаарчасындагы токой аймагында калгандыгы белгиленди.

Армян басма сөзүндө бул куралдуу күчтөрдүн токойлуу аймактарда адашкандыгы эскертилген билдирүүдө, Армения бийликтеринин аталган элементтерди аймактан чыгаруу үчүн орус элементтеринин командачылыгына кайрылганы белгиленди.

Билдирүүдө Азербайжан тарап Армениянын куралдуу топторунун чыгып кетиши үчүн бардык шарттарды түзүп бергендиги жана орусиялык элементтер токойдогу куралдуу топторго репродукторлор аркылуу аймакты таштап кетүүгө кайрылганы айтылган.

Сөз болуп жаткан армян күчтөрүнүн аймактан кетүүнүн ордуна согуштук позицияларды түзүп, жакында Азербайжан жарандарына жана аскерлерине каршы террордук жана диверсиялык аракеттерди жасаганы маалымдалды.

Армения күчтөрүнүн Хожавенддин Сур айылында иштеп жаткан Азербайжан аскерлерине капыстан кол салып, 3 аскерди шейит кылып, 2 кишини жарадар кылганы белгиленди.

Билдирүүдө 8-декабрда Хадрут шаарына жакын жерде байланыш жабдууларын орноткон азербайжандыктарга армян күчтөрүнүн кол салып, 1 аскерди шейит кылып, 1 жаранды жарадар кылганы белгиленди.

Азербайжандын Мамлекеттик коопсуздук кызматы кол салуулардан кийин аймакта антитеррордук операция уюштурууга аргасыз болгондугу белгиленди.

Билдирүүдө Арменияга үч тараптуу декларациянын талаптарын аткаруу менен ок атууну токтотуу жана провокациялардан алыс болуу эскертилген жана Азербайжан тарабы аймактагы тынчтыкты камсыздоо үчүн орус элементтери менен тыгыз координация жана кызматташтыкта ​​иштөөнү улантып жаткандыгы баса белгиленди.



Тектеш кабарлар