Түрк Кеңешинен Азербайжанга колдоо
Түрк Кеңеши Азербайжанга жана жалпы түрк дүйнөсүнө көңүл айтты.
1539265

Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Кызматташтык Кеңеши (Түрк Кеңеши), Карабахта 27-сентябрда башталган жана 10-ноябрда Армениянын жеңилгенин кабыл алып келишимге кол коюшу менен аяктаган жаңжалда шейит кеткен 2 миң 783 азербайжан аскеринин жаткан жерлери жайлуу болушун, жаракат алгандардын тезирээк сакайып кетишин каалап, Азербайжанга жана жалпы түрк дүйнөсүнө көңүл айтты.
Түрк Кеңешинин Твиттердеги постунда: «Кеңештин мүчөсү боордош Азербайжандын өз жеринин бүтүндүгүн камсыз кылуу үчүн жүргүзгөн адилеттүү күрөшүндө мекени үчүн курман болгон 2 миң 783 шейитибиздин жаткан жерлери жайлуу болушун, жаракат алгандардын тезирээк сакайып кетишин каалап, Азербайжанга жана жалпы түрк дүйнөсүнө көңүл айтабыз» деген сөздөр жазылды.