Азербайжандын 2 миң 783 аскери шейит болду

Карабахтагы жаңжал учурунда Азербайжандын 2 миң 783 аскери шейит болуп, 1245 аскердин жаракат алгандыгы белгиленди.

1539051
Азербайжандын 2 миң 783 аскери шейит болду

Азербайжан армиясынын Тоолуу Карабахтагы жерлерин оккупациядан бошотуу үчүн жүргүзгөн операциясында 2 миң 783 аскеринин шейит болгону маалымдалды.

Азербайжандын Коргоо министрлиги, 27-сентябрда башталган жана 10-ноябрда Армениянын жеңилишин кабыл алган келишимге кол коюшу менен аяктаган согушта канча адамдын жабыркаганын билдирди.

Билдирүүдө жаңжал учурунда Азербайжандын 2 миң 783 аскери шейит болуп, 1245 аскердин жаракат алгандыгы белгиленди.

Азырынча өздүктөрү аныктала элек шейит аскерлердин 103үн ДНК анализдеринин негизинде тактоо иштери жүрүп жаткандыгы белгиленген билдирүүдө, 100дөн ашуун аскердин дайынсыз жоголгону жана аларды табуу иштери улантылып жатканы белгиленди.

Билдирүүдө шейиттердин ысымдары жана даражалары кийинчерээк коомчулукка жарыяланары кабарланды.

Азербайжан армиясы 27-сентябрда баштаган операцияда 5 шаардын борбору, 4 шаарча жана 286 айыл бошотулгандан кийин Армения жеңилгенин кабыл алып оккупацияланган Агдам, Лачын жана Келбежер аймактарын эвакуациялоону убада кылган келишимге кол койгон болчу.

Армян армиясы 20-ноябрда Агдамдан, 25-ноябрда Келбежерден жана 1-декабрда Лачындан чыгып кеткен.



Тектеш кабарлар