Илхам Алиев улутка кайрылды

Азербайжандын президенти Илхам Алиев Азербайжандын тарыхый жери болгон Келбежердин өлкөнүн эң чоң облустарынын бири экендигин белгиледи.

1534215
Илхам Алиев улутка кайрылды

 Азербайжандын президенти Илхам Алиев Келбежердин оккупациядан куткарылышынан улам элге кайрылуу сөзүндө Азербайжандын тарыхый жери болгон Келбежердин өлкөнүн эң чоң облустарынын бири экендигин белгиледи.

Келбежердеги чиркөө жана мечиттердин Азербайжандын тарыхый байлыгы экендигин баса белгилеген Алиев бул жердеги чиркөөлөрдүн Кавказ Албания мамлекети мезгилинен калгандыгын, «алдамчы армян тарыхчылардын» бул чиркөөлөрдү өздөрүнө таандык сыяктуу көрүсөтүүгө аракет кылгандыгын белгиледи.

Алиев аймактагы христиан чиркөөлөр тууралуу  санааркоолорун айткан кээ бир батыштык чөйрөлөргө Агдам, Шуша, Зенгилан, Жабраил жана Фузули облустарындагы кулаган мечиттерди көрүүнү сунуш кылып : «Бул мечиттер кулатылды же доңуз багуучу жер катары колдонулду. Эмне себептен бул абал тынчсыздандырбады? Эмне себептен бизден башка эч ким бул тууралуу маселени күн тартибине алып келген жок? Бул маселени эл аралык жыйындарда жана чет элдик кесиптештерим менен жолугушууларда көптөгөн жолу күн тартибине алып келдим. Эмне себептен эч ким бул үчүн тынчсызданган жок? Эмнеден эч ким бул тууралуу эл аралык делегация жөнөтүүнү каалаган жок? Азербайжан калкы бул суроолордун жообун каалап жатат. Жообун албетте билебиз. Ушул себептен ишибизге аралашууну каалаган же күнөөлөгүсү келгендердин оболу бир күзгүгө карануусу керек»,- деди.

Келбежер аймагынын сыйкырдуу бир табиятка жана бай маданий мураска ээ экендигин айткан Алиев армяндардын бул жерден өткөн дарыялардын багытын өзгөртүп Азербайжанга каршы экологиялык террор кылгандыгын да белгиледи. Алиев оккупациядан куткарылган бардык аймактарды кайрадан курушарын баса белгилеп : «Келбежерди кайрадан курабыз. Душман баарын кулатыптыр. Баарын кайрадан курабыз. Келбежерде мыйзам тышы отурукташуу жерин да куруптур. Армениядан жана чет өлкөлөрдөн адамдар мыйзам тышы жайгашыптыр. Бул Женева конвенциясына караганда согуштук кылмыш. Душмандан бардык согуштук кылмыштары жана бардык кыйратууларынан улам эсеп сурайбыз. Бошотулган бардык шаарларды жана аймактарды жандандырабыз. Бул аймактардын кайрадан курулушу үчүн чоң пландарыбыз бар»,- деди.



Тектеш кабарлар