Түндүк Кипрдеги куюндун кесепети

Гирне аймагында катуу куюн болду.

1531691
Түндүк Кипрдеги куюндун кесепети

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Гирне аймагында болгон куюн кыйроого учуратты.

Кипрдеги Түрк Агенттигинде орун алган маалыматка жана Полиция кызматынын жазуу түрүндөгү билдирүүсүнө караганда, куюн Озанкөй, Чаталкөй Санайи, Лапта Отелдер аймактары жана Каршыякага зыян келтирди.

Куюндун кесепетинен айрым имараттардын чатырлары учуп, унаалар оодарылып, бак-дарактар унаалардын үстүнө ​​кулап, дубалдар урады жана электр зымдары менен мамылар зыянга учурады.



Тектеш кабарлар