Армения армиясы Тоолуу Карабахтагы жаңжалдар учурунда "Искандер" ракетасын колдонгон

Армениянын мурунку коргоо министри Хакопян Ереванда билдирүүлөрдү жасады.

1531634
Армения армиясы Тоолуу Карабахтагы жаңжалдар учурунда "Искандер" ракетасын колдонгон

Армениянын Коргоо министрлиги кызматынан кеткен генерал Мовсес Хакопян, Армения армиясы Тоолуу Карабахтагы жаңжалдар учурунда өзөктүк дүрмөттөр менен жабдылган орус "Искандер" ракетасын колдонгонун билдирди.

Хакопян армян армиясынын Тоолуу Карабахтагы кыймылдарына байланыштуу Ереванда билдирүүлөрдү жасады.

Армения армиясынын жарандык конуштарга "Искандер" ракеталары менен кол салгандыгы жөнүндөгү айыптоолорго сереп салган Хакопян: «Армения армиясы Тоолуу Карабахтагы жаңжалдар учурунда "Искандер" ракеталарын колдонду, мен алардын кайда колдонулгандыгы жөнүндө маалымат бере албайм»,- деди.

Армениянын Россиядан Су-30М согуштук учактарын сатып алгандыгын сындаган Хакопян: «Биз керектүү ракеталарды ала албагандыктан учактарды колдоно алган жокпуз. Россия бул ракеталардын сатылышына бөгөт койгон. Ошондой эле пайдасыз абадан коргонуу системаларын сатып алдык»,-деп айтты.

Экинчи жагынан, Армениянын башкы прокурору Хакопяндын айткандарына каршы тергөө башталаарын билдирди.

Азербайжандын Башкы прокурордугунун билдирүүсүндө, Армения армиясынын Азербайжанга карай кол салууларында 91 жаран каза болуп, 404 жарандын жаракат алгандыгы кабарланган эле.



Тектеш кабарлар