Агдамда азандын үнү жаңырды

27 жылдан кийин биринчи жолу азан чакырылып, жума намазы окулду.

1531708
Агдамда азандын үнү жаңырды

Армения тарабынан 1993-жылы басылып алынган Агдам аймагына 27 жылдан кийин кирген Азербайжан аскерлери желек орноткон шаардын мечитинен азан чакырылды.

Азербайжан менен Армения кол койгон ок атышпоо келишимине ылайык, армян куралдуу күчтөрү Агдамдан чыгып кеткенден кийин Азербайжан армиясы шаарга кирди.

Шаардын борборундагы мечитке бараткан аскерлер аймакты тазалап, мечитке жана анын мунарасына желек илишти.

Андан соң мечиттен 27 жылдан кийин биринчи жолу азан чакырылып, жума намазы окулду.

Азербайжан армиясынын 27-сентябрда баштаган Тоолуу Карабахтагы аймактарын оккупациядан бошотуу операциясында жетишкен ийгилиги, Арменияны ок атышпоо келишимине кол коюуга аргасыз кылды.

Ок атпоо режимине байланыштуу Армениянын куралдуу күчтөрү 20-ноябрда Агдамдан чыгып кеткен болчу.

Экинчи жагынан, Улуттук Коргоо министрлиги Твиттердеги баракчасынан армян куралдуу күчтөрүнүн 1993-жылы басып алган Агдам аймагынан чыгып кетишинен кийин Азербайжан армиясынын шаарга киргендиги тууралуу видеону бөлүштү.

Бөлүшүүдө: «Баатыр Азербайжандын армиясы өз жери болгон Агдамга ай-жылдыздуу желегибизди илди. Бир нече жылдан кийин Агдамда азандын үнү жаңырды. Азербайжандын жоокерлери, армян армиясы жайгаштырган миналарды таап жок кыла башташты. Агдам бардык жагынан коопсуз болот» деген сөздөр камтылган.



Тектеш кабарлар