Азербайжан армиясы Агдамга кирди

Азербайжан армиясы 27 жылдан  бери Армениянын оккупациясындагы Агдам облусуна кирди.

1531259
Азербайжан армиясы Агдамга кирди

Азербайжан армиясы 27 жылдан  бери Армениянын оккупациясындагы Агдам облусуна кирди.

Азербайжан коргоо минисирлигинен берилген маалыматта Азербайжан менен Армениянын ортосунда Россиянын арачылыгында кол коюлган ок атышпоо келишими боюнча Азербайжан армиясынын Агдамга киргендиги жарыяланды.

Агдам облусунун 77 пайыздык бөлүгү 1993 -  жылы Армения армиясы тарабынан оккупацияга  алынган.

Оккупациядан улам 200 000ге жакын азербайжандык туулган жерлерин таштап кетүүгө мажбур болгон.

Оккупаця мезгилинде армяндар тарабынан талап  - тонолгон жана кулаган Агдам шаар борбору менен айылдарынын көпчүлүгү урандыга айланган.

Азербайжан армиясынын 28 -  сентябрда баштаган операциясында 5 шаар борбору, 4 поселок менен 286 айылдын бошотулуушу менен Армения жеңилгендигин кабыл алып, оккупация астындагы Агдам, Лачын жана Келбежер облустарын да бошоторуна убада берген келишимге кол койгон.



Тектеш кабарлар