Алиев фронт аймагына барды

Аскер кийимин кийген Алиевди эл кубанычтуу тосуп алышты.

1528703
Алиев фронт аймагына барды

Азербайжандын президенти Илхам Алиев Армения менен кагылышуулар болгон фронт аймагына барды.

Социалдык тармактарда бөлүшүлгөн көрүнүштөрдө, аскер кийимин кийген Алиевдин Физули облусунун калктуу конуштарында эл тарабынан кубанычтуу тосулуп алынгандыгы байкалууда.

Алиев унаасынан түшүп эл менен саламдашты, жарандар болсо ураандарды айтып урмат-сый көрсөтүштү.

"Карабах" жана "Илхам" деп кыйкырган жарандар бир жагынан да телефондорунун камераларына ошол учурларды тартып жатышты.



Тектеш кабарлар