Түрк Кеңешинин башка катчысы Амреевден Азербайжанга куттуктоо

Түрк Кеңешинин башкы катчысы Багдат Амреев Азербайжан менен Армениянын ортосунда Тоолуу Карабахта кагылышууларды акырына чыгарган келишимден улам Бакуну куттуктады.

1525880
Түрк Кеңешинин башка катчысы Амреевден Азербайжанга куттуктоо

 Түрк Кеңешинин башкы катчысы Багдат Амреев Азербайжан менен Армениянын ортосунда Тоолуу Карабахта кагылышууларды акырына чыгарган келишимден улам Бакуну куттуктады.

Амреев берген жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө Азербайжан менен Армения калктарынын кызыкчылыгына болгон бул келишимди ыраазычылык менен кабыл алышкандарын белгиледи.

Амреев Азербайжандын Президенти Илхам Алиевге жана Азербайжан калкына Азербайжандын оккупацияга алынган жерлерин эл аралык мыйзам боюнча жана БУУнун Коопсуздук Кеңешинин чечимдерине ылайык бошотулушу жана эгендүүлүктү түзүүгө карата тарыхый ийгилигинен улам куттуктады.

Башкы катчы Амреев : «Келишимдин кагылышуунун кесепеттерин жоюу, өлкө ичинде жерлеринен кеткен калктын жана качкындардын Жогорку Карабахка жана Азербайжандын 7 облусуна кайрадан жайгаштырылышында, бардык транспорт жана байланыш бөгөттөрүнүн жоюлушу менен бул аймактагы бардык өлкөлөр арасындагы карым  - катнаштардын өсүшү үчүн негизги шарттардын түзүлүшү жана Түштүк Кавказияда узун мөөнөттүү тынчтык менен бейкуттуктун түзүлүшүндө чоң мааниге ээ болууда»,- деди.

Азербайжандын бул акылуу жеңишинин Түрк Кеңешинин ичиндеги күчтүү карым  - катнаштарга жаңы бир ылдамдык алып келерин айткан Амреев ошол эле учурда мунун түрк дүйнөсүндө интеграция процесстерине, биримдиктин алдыга жылышына салым кошорун айтты.



Тектеш кабарлар