Азербайжан Зенгиланга аскердик пункттарды орнотуу менен өз желегин көтөрдү
Полковник Аббасов Афтандил Шуша шаарын оккупациядан бошотуу кубанычын билдирип : "Бүгүн биз үчүн ыйык күн. Жеңишке жеткен башкы командирибиздин 28 жыл 6 айдан кийин Шушанын бошотулгандыгы жөнүндөгу кабарына кубанычтабыз",- деди.



Армениянын оккупациясынан бошотулган Иран чек арасындагы Зенгиланга аскердик пункттарды орнотуу менен Азербайжан өз желегин көтөрдү.
Зенгилан провинциясындагы Минживан, Солтанлы, Шерифан, Муганлы, Тири жана Маммедбейли пункттарда аскер кызматкерлери тарабынан уюштурулган аземде Азербайжандын желеги көтөрүлүп, Азербайжандын Мамлекеттик Гимни аткарылды.
Андан кийин Азербайжан мамлекеттик чек ара кызматына караштуу аскерлер заставада ишин аткара баштады. Чек ара аскердик пунктунда кызмат өтөгөн полковник Аббасов Афтандил Шуша шаарын оккупациядан бошотуу кубанычын билдирип : "Бүгүн биз үчүн ыйык күн. Жеңишке жеткен башкы командирибиздин 28 жыл 6 айдан кийин Шушанын бошотулгандыгы жөнүндөгу кабарына кубанычтабыз",- деди.
Чек ара тилкесинин эми өздөрүнүн коргоосунда экендигин баса белгилеген Афтандил 132 километрдик аянттын окуппациядан бошотулуп, душмандан тазалангандыгын айтты. «Азербайжан жана боордош Түркия калкына салам айтабыз»,- деген Афтандил Карабахтын оккупациядан кутулушунан кийин Азербайжан калкы менен бирдикте бул кубанычты жашап жаткандарын айтты.
Азербайжан армиясы 27 жылга созулган оккупациядан кийин Азербайжан - Армения чек арасынын 132 километрдик бөлүгүн 22 - октябрда толугу менен көзөмөлгө алып, чек аранын бошотулгандыгын жарыялаган президент Илхам Алиев Азербайжан калкы менен Иран калкын да куттуктады.