Абдуллах Эрен: «Дүйнө жүзү Армениянын жарандарга кол салууларына унчуккан жок»

Абдуллах Эрен жана аны коштогон делегация, Армения карапайым жарандарды аткылаган Азербайжандын Генже шаарына барды.

1521789
Абдуллах Эрен: «Дүйнө жүзү Армениянын жарандарга кол салууларына унчуккан жок»

Чет өлкөдөгү түрктөр жана тектеш коомчулуктар башкармалыгынын (YTB) төрагасы Абдуллах Эрен, Армениянын Азербайжан жарандарына карай кол салууларына дүйнөлүк коомдук пикир үн каткан жок деп билдирди.

Абдуллах Эрен жана аны коштогон делегация, Армения карапайым жарандарды аткылаган Азербайжандын Генже шаарына барды.

Армениянын баллистикалык ракеталар менен кол салган жана 26 жарандын өмүрүн алган Генже шаарына келген  YTB төрагасы Эрен, Азербайжандын Диаспора комитетинин төрагасы Фуад Мурадов, Генже шаарынын губернатор Ниязий Байрамов жана Түркиянын Генжедеги Башкы консулу Зеки Өзтүрк менен бирге кыйраган имараттар орун алган аймакка гвоздика коюп таазим кылышты.

Эрен бул жерде сүйлөгөн сөзүндө согуш башталгандан бери (27-сентябрь) карапайым эл жашаган конуштарга дээрлик 13 чабуул жасалгандыгын белгиледи.

Генжеде, бейкүнөө жарандар кыргынга учураганын билдирген Эрен: «Балдар энесиз жана атасыз калышты. Балдары каза болгон адамдар болду. Аялдар менен карылар каза болушту»,-деди.

Армения тарабынан ракеталар менен атылган жердин толугу менен жарандык конуш экендигин белгилеген Эрен: «Азербайжанды коркутуу үчүн карапайым адамдарга кол салуу»,-деп айтты.

Эрен, дүйнө коомчулугунда бул кол салууларга жооп болбогонун эскертип, «Дүйнө жүзүнө ошол эле  TRT World, TRT Arabic, Анадолу Агенттиги (AA) угузду. Анадолу агенттигинин (AA) англис тилиндеги чыгарылышы билдирди. Түркиядагы жаңылык каналдары түшүндүрдү. Бирок бул жарандык жоготуулар Армения тарапта болгон болсо, тараптуу же бир топ драмалаштырылган жол менен, жасалма түшүнүктөрдү кошуп дүйнөлүк коомдук пикирге кызмат кылышмак. Бул түрк мусулманы болуунун бүгүнкү дүйнөгө алып келген бир чындыгы. Сиздер курман болуп жана эзүүгө дуушар болосуңар, бирок сиздин үнүңүз адилетсиздердики сыяктуу бийик угулбайт»,-деп айтты.

Эрен, Түркиянын күрөш башталгандан бери Азербайжанды бардык жагынан колдогонун белгиледи.



Тектеш кабарлар