Азербайжан күчтөрү Армения күчтөрүн жоготууга учуратууну улантууда

Азербайжан коргоо министрлиги билдирүүсүндө Арменияга таандык бир Су  - 25 аскердик учагынын атып түшүрүлгөндүгүн жарыялады.

1520060
Азербайжан күчтөрү Армения күчтөрүн жоготууга учуратууну улантууда

Азербайжан армиясы ок атышпоо режимине карабастан фронттун башка багыттарында түнү менен Азербайжан аскерлерине жана отурукташуу жерлерине ок аткан Армениянын күчтөрүн жоготууга учуратты.

Азербайжан коргоо министрлигинен берилген маалыматта кагылышуулардын  Агдам, Хожавенд жана Губадлы аймактарында улантылгандыгы билдирилди.

Акыркы 24 саатта фронттун башка бөлүктөрүндө Армения армиясына таандык 4 «Град» ракета системасы, 10 башка артиллерия, 3 ок – дары жүктөлгөн жүк ташуучу унаа жана 5 автомобилдин жарыдырылгандыгы, көп сандаган аскердик кызматкердин жок кылынгандыгы белгиленди.

Армения күчтөрүнүн фронттун кээ бир аймактарында аскердик кызматкер жана каражаттарын жоготуп, артка чегинүүгө мажбур болгону, курал, ок  - дары жана тамак  - аштарынын түгөнгөндүгү маалымдалган. Фронттун Азербайжан армиясынын көзөмөлүндө экендиги баса белгиленди.

Азербайжан коргоо министрлиги берген башка билдирүүсүндө Арменияга таандык бир Су  - 25 аскердик учагынын дагы атып түшүрүлгөндүгүн жарыялады.



Тектеш кабарлар