Азербайжан Арменияга таандык "Смерч" ракета системасын жардырды

Фронттун Азербайжан армиясынын көзөмөлүндө экендиги баса белгиленди.

1518518
Азербайжан Арменияга таандык "Смерч" ракета системасын жардырды

Азербайжан Бердеде жарандарды бутага алган Арменияга таандык «Смерч» ракета системасын жардырды. Азербайжан коргоо министрлиги жарыялаган көрүнүштөрдө «Смерч» ракета системасынын атылып жардырылгандыгы көрүнүүдө.

Министрлик ракета системасы жардырылганда жергиликтүү убакыт боюнча саат 15:18 экендиги тууралуу маалыматты берди.

Армения армиясынын фронттон 60 километр алыстыктагы Берде шаарына «Смерч» ракеталары менен 27 – 28 -  октябрда жасаган кол салуусунда 25 жаран каза болуп, 70тен ашуун киши жараланган.

Бир тараптан Азербайжан армиясы  ок атышпоо режимине карабастан фронттун башка багыттарында түнү менен Азербайжан аскерлерине жана отурукташуу жерлерине ок аткан Армения күчтөрүн жоготууга учуратууну улантууда.

Азербайжан коргоо министрлигинен берилген маалыматта кагылышуулардын эң көп фронттун Агдере,  Хожавенд жана Губадлы багыттарында улантылып жаткандыгы белгиленди.

Армения армиясына таандык 2 Су-25 учагы, 3 Т-72 танкасы, 1 брондолгон жөө унаа, 2 "Смерч" жана 1 "Град" ракета системасы, 10 башка типтеги мылтык, 2 Гвоздика өзү жүрүүчү гаубица, 1 ОСА зениттик учагы, 1 П-18 радиолокациялык унаасы жана 4 автоунаа жок кылынып, көп сандаган аскердик кызматкери атылды.

Фронттун Азербайжан армиясынын көзөмөлүндө экендиги баса белгиленди.

 



Тектеш кабарлар