Армян армиясы журналисттерди бутага алды

Армениянын жарандарга карай кол салууларында журналисттер дагы көптөгөн коркунучтарга туш болушууда.

1516777
Армян армиясы журналисттерди бутага алды

Азербайжандын көзөмөлүнө өткөн Суковушанда армян күчтөрү тарабынан атылган снаряддын огу аймактагы журналисттердин унаасынын үстүнөн өтүп кетти.

Армениянын жарандарга карай кол салууларында журналисттер дагы көптөгөн коркунучтарга туш болушууда.

Окуяларды чагылдырган маалымат каражаттарынын өкүлдөрү иштеген аймактар ​​минометтун жана снаряддардын бутасы болууда.

Акыркы чабуул Армениянын оккупациясынан бошотулган Суковушанда болду.

Аймакка байланыштуу жаңылыктарды даярдап жаткан Euronews тобу Армения күчтөрү аткан снаряддын огунан аман калышты.

Журналисттердин унаасы бир аз тайгаланып кеткени менен ал көзөмөлдөн чыгып кеткен жок. Снаряддын атылышы унаанын камерасына түшүп калды.



Тектеш кабарлар