ПКК террористтерине Азербайжан армиясынын формасы кийдирилген.

Чалгындоо булактарынан алынган маалыматка караганда террордук топтор Тоолуу Карабахтын Шуша шаарына жайгаштырылган.

1515850
ПКК террористтерине Азербайжан армиясынын формасы кийдирилген.

Армениянын Тоолуу Карабахка Сирия жана Ирактан алып барылган ПКК жикчил террордук уюмдун террористтерине Азербайжандын аскердик формаларын кийдиргендиги билдирилди.

Чалгындоо булактарынан алынган маалыматка караганда террордук топтор Тоолуу Карабахтын Шуша шаарына жайгаштырылган.

Бул ПКК террористтерине Азербайжан аскердик формаларынын кийдирилгендигине көңүлдөрдү бурган булактар Армениянын бул жол менен чыныгы Азербайжан аскерлерин адаштырууну максат  кылгандыгын, өзгөчө террористтер өлтүрүлгөндө булардын Азербайжан армиясы тарабынан Сириядан алып барылган жалданма аскерлер экендигин ортого салышарын баса белгилешти.

Азербайжандын вице  - президенти Хикмет Хажыев Армениянын Тоолуу Карабахта ПКК террордук уюмдун террористтерин алдыңкы катарда колдонгондугун айткан.

Азербайжан армиясынын жерлерин бошотуу үчүн баштаган операциясында туткунга түшкөн Армения аскери Альберт Микаелян да ПКК террористтеринин Тоолуу Карабахта Армениянын катарында согушкандыгын моюнга алып, бул террористтердин 600  доллардан айлык маяна алышкандарын айткан.



Тектеш кабарлар